www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Постто ок аткандар кармалды

Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылындагы атышууга катышкан 3 адамдын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар 1979-жылы туулган А.Х., 1984-жылы туулган А.Б. жана А.А. аттуу жарандар болушкан.

"Алар Аламүдүн РИИБине керектүү тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди. Калган катышуучулардын аты-жөнү аныкталууда. Окуяга катышкандардын бири денесинен жаракат алып, Чүй облустук ооруканасына жаткырылган. Ал адам квадрацикл менен келген адамдардын бири. Учурда соттук териштирүү улантылууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, буга чейин 18-апрель күнү саат 20:47 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Арашан айылындагы постто белгисиз адамдар бир нече ирет ок атып, андан соң из жашырып кетишкени боюнча маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, саат 14:30 чамасында белгисиз 9-10 адам посттон квадрацикл менен өтүүгө аракет кылгандыгын аныкташкан. Мындай кадамга аларды посттон өткөзбөй коюу себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости