www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда дары-дармектин баасы кымбаттады?

Кыргызстанда дары-дармектин баасы 20 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Фармацевтикалык кеӊештин төрагасы Эрнис Асанов маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Дарыларды алып келүү кыйынга туруп калды, мурда бир килограммдын жол акысы үч-төрт доллар болсо азыр 7-8 долларга көтөрүлдү. Ушуга байланыштуу, 15-20 пайызга чейин кымбаттады. Буга жол акысы жогорулаганы, ага кошумча доллар менен евронун курсу өскөнү таасир этти", - деди Асанов.

Бирикменин төрагасы учурда өлкөдө дары-дармек кымбаттаганы менен алардын жетишсиздиги жок экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости