www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочуларына күн сайын милиция кызматкерлери коронавирус илдетинен коргонуу жөнүндөгү маалыматтар камтылган баракчаларды таратышып келүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Профилактикалык иштерди милиция кызматкерлери райондук администрациянын өкүлдөрү жана ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте жүргүзүшүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жана администрация өкүлдөрү Сокулук районунун дээрлик бардык көчөлөрүн кыдырышып, илдетти жайылтпоо үчүн ар бир жаран үйдө болуп, тазалыкты жана тартипти сактоонун зарылдыгын түшүндүрүшүүдө.

Бул кырдаалда режимди сактап, коомдук жайлардан алыс болуп, башка адамдар менен байланышты чектөө негиздүү экенин айтышууда. Вирустун жайылуу коркунучуна байланыштуу, улгайган адамдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар коомдук жайларга чыкпоосу зарыл экендигин жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүшүүдө.

Чүй облусунун милиция кызматкерлери коронавирус илдетин алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чараларды тынымсыз улантышууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости