www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги коомчулуктагы нааразы пикирди эске алып, Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун бири-бирине каршы буйругу дарыгерлерди кошумча айлыктан ажыратып,  кыйын кезде аларды колдоо эмес, кордоо болуп калбайбы деген суроого жооп алдык. 

Төрөхан Жунусбеков, жарандык активист: “Өкмөт элден чогулган каражаттан тышкары медиктерге  сырттан келген миллион долларларды жумшашы керек...”

--Чынын айтсам министрдин бул буйругу, коомчулуктун сынына кабылды. Азыр коомчулукта нааразычылык күч болуп кеткенден кийин актанышып, Эмгек кодекске тууралоо үчүн ушул кадамга барганбыз дегендей айтып жатышат. Эгер өкмөттүн чыгарган токтому да медиктерди кошумча айлыктан ажыратканга жакын чыгып калса, анда элди жана медиктерди алдоо болуп саналат. Керек болсо өкмөт элден чогулган каражаттан тышкары медиктерге  сырттан келген миллион долларларды жумшашы керек...

Алишер Мамасалиев, экс-депутат: “Дарыгерлерди капа кылбашыбыз керек”

--Көтөрүп жаткан маселеңер чыны менен  туура. Азыркы катаал учурда элдин ден соолугуна кам көргөндөр, өздөрүн тобокелге салып, аты жаман дарт менен күрөшүп, ал тургай өздөрү ооруу жуктуруп алгандар дарыгерлер. Булардан каражатты үнөмдөйбүз дебешибиз керек. Булар ансыз деле эң аз айлык акы алышат. Пандемия учурунда медиктерди  бардык жактан колдоп, аларды капа кылбашыбыз керек. Буйрукту да, токтомду да дарыгерлерге пайдасы тийгидей кылып,  кеңешип, ойлонуп кабыл алышы керек.

Кайып Шери, 7-апрель баатыры: “Кандай болгон күндө да бул илдет менен күрөшкөн дарыгерлерге колдоо көрсөтүшүбүз зарыл”

--Элден башка уюмдардан жакшы эле каражат чогулду. Аны үнөмдөйбүз деп өлүм менен өмүрдүн ортосунда жүрүп, тобокелдик кылып иштеп аткан дарыгерлерди кыжаалат кылбашыбыз керек. Кандай болгон күндө да бул илдет менен күрөшкөн дарыгерлерге колдоо көрсөтүшүбүз зарыл.

Булак: “NazarNews.kg”

Последние новости