www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында дем алыш күндөрү коомдук транспортту токтотуу сунушталууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйында билдирди.

"Коронавирус жуктуруп алгандардын саны күн сайын өсүп жатат. Бишкек, Ош, Чүй облусунда күч алууда. Коопсуздук кеңештин чечимдери сапаттуу жана өз убагында аткарылышы керек. Республикалык штаб жаңы шарттарды киргизүүгө мажбур болууда. Бишкек шаарына дем алыш күндөрү коомдук транспортту токтотуу сунушталууда. Бул да болсо жарандарыбызды коронавирустан сактайт деген ниетибиз бар. Коомдук транспорт ишемби күнү түшкө чейин жүрөт, жекшемби күнү толугу менен токтотулат.

Мындан сырткары, региондор аралык каттамдарды да токтотуу чечими кабыл алынып жатат. Жеке менчик унааларга каттоого уруксат берилет. Санитардык талаптарды аткаруу менен коронавирусту токтотууга жоопкерчилик менен мамиле кылсак чектөөлөр алынат", - деди ал.

Эске сала кетсек, акыркы 24 сааттын ичинде Кыргызстанда 192 адам коронавируска чалдыккан. Бардыгы - 2 981.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости