www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык ыкчам штабды мындан ары Кубатбек Боронов эмес, вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков жетектейт. Бул  тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйынында билдирди.

“Республикалык ыкчам штабдын мындан аркы ишин Премьер-министрдин биринчи орун басары Алмазбек Баатырбеков көзөмөлдөйт. Бул багытта иштөөнү жеке көзөмөлүмдө кармайм”, - деди Боронов.

Анын айтымында, Коопсуздук кеңешинин чечиминде көрсөтүлгөн бардык көрсөтмөлөр натыйжалуу, толук жана өз убагында аткарылышы керек.

"Ар бир мамлекеттик орган жана ар бир аймак күз-кыш мезгилине даярдык көрүү чараларын колдонушу керек, бул медициналык мекемелердеги бейтаптардын санынын көбөйүүсүнө даярданууга жана экономикалык ишмердүүлүктүн ар түрдүү чөйрөлөрүнө тиешелүү", - деди Боронов.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча кезектеги отуруму болуп өттү.

Бүгүн, 20-июнда Республикалык оперативдүү штабдын отурумунда Боронов өлкөбүздөгү коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абалдын начарлоосуна даярдыкты  толук  камсыз кылуу керек экендигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости