www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы аптада Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алуу көрсөткүчү 4,9 пайызды түздү. Бул абал турукташып калды деген көрсөткүчтөн дагы төмөн экенин брифинг учурунда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) критерийлери боюнча вирус жугузуп алуунун көрсөткүчү өткөн аптада 6,6 пайыз болуп, белгиленген чектен бир аз жогору болуп жаткан. Бул аптада 4,9 пайызга түштүк. Ошондой эле Россиядагы Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) эсептөө методикасы боюнча дагы биздеги абал жакшырды", — деди Боронов.

Бирок ал эл жана мамлекеттик органдар ушуну менен өзүн таштап койбой, аягына чейин күрөшүүсү керектигин эскертти.

"Ооба, оору азайды, өлүм жокко эсе болуп калды. Бирок айрым аймактарда эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон", — деди премьер-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости