www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көп жылдан бери Казакстанда кулчулукта жүргөн Элмира Корчиева Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты.
Ушул жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Улуттук кызыл жарым ай коомунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө Э.К.Жумалиев Казакстанда табылган апасын алып келүүгө жардам сурап кайрылган.
Анын айтымында, 25 жыл мурда Элмира Корчиева Казакстанга иштөө үчүн кетип, андан кийин байланыш үзүлгөн. Кыргызстанда 3 баласы жана жолдошу калган. Аны башка адамды издеп жаткан Ички иштер министрлигинин кызматкерлери байкап калышкан. Элмира кулчулукта жүргөнү белгилүү болуп, жашоосу тууралуу айтып берген. Бирок үйүнө кайтуу үчүн документтери жок болчу. Ага «ээлик кылган адамдар» башка адамдарга берип, ар кайсы жерде, ар кандай жумуштарда иштеп жүргөн.
Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери Ак-Суу РИИБ менен байланышып, Элмиранын туугандарын табышкан. Анын уулу Улуттук кызыл жарым ай коомунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө үй-бүлөлүк байланышты калыбына келтирүү жөнүндө арыз жазып, аталган уюм архивдин жардамы менен керектүү документтерди даярдап берген. Андан соң Казакстандагы кыргыз диаспорасынын жана Алматыдагы Кыргызстандын консулдугунун колдоосу менен чек арадан өтүү үчүн документтер даярдалган.
Кечээ, 18-августта Кант шаарындагы «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү бекетинде Элмира үй-бүлөсү менен жолугушту. Бардык туугандарына психикалык-социалдык колдоо көрсөтүлдү.
Булак: NazarNews.kg