Парламенттин кезексиз жыйынында премьер - министр Алексей Гончаруктун арызы кабыл алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Гончаруктун премьер - министрлик кызматы акырына чыкканы үчүн министрлер кеңеши да таркады. Андан кийин президент В. Зеленский парламентке сунуш кылган премьер - министрлик талапкери Денис Шмыгал үчүн Жалпы Кеңеште экинчи добуш берүү өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, 291 добуш алган Шмыгал премьер - министр болуп кабыл алынды.
Премьер - министр Шмыгал сунуш кылган министрлер кеңешинин мүчөлөрү да парламент тарабынан кабыл алынды.
Эске сала кетсек, өлкөнүн 45 жашындагы жаңы премьер - министри Денис Шмыгал 4 - февралдан бери вице - премьер - министр кызматын аркалап келе жаткан.
Булак: NazarNews.kg
