www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аламүдүн дарыясына азык-түлүк боёгу ыргытылгандыктан суу жашыл болуп калган. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан маалымдашты.
Маалыматка караганда, дарыяга азык-түлүк боёгу төгүлүп калган. "Белгисиз адамдар жолдун жээгине курулуш таштандысын калтырып кетишиптир. Ошол жактан дарыяга азык-түлүк боёгу төгүлүп калган. Айылдык аймактардын өкүлдөрүнө мындай көрүнүш экинчи кайталанбашы үчүн эскертүү берилди. Укук коргоо органдары болсо иш козгоду. Кошумча маалымат тергөө аяктагандан кийин берилет", — деп билдирди мекемеден.
Эске сала кетсек, буга чейин интернет колдонуучусу Аламүдүн дарыясынын суусу жашыл түскө боёлгонун 29-февраль күнү видеого тартып жарыялаган.
Ал арада Бишкек шаарынын мэриясынан Аламүдүн дарыясынын суусу жашыл түскө боёлду деген маалымат жалган, суунун түсү өзүнүн кадимки калыбында деген маалымат тараткан.
Бирок, Өзгөчө кырдаалдар министрилигинен жашыл түстөгү суу Аламүдүн дарыясында эмес, Ала-Арча суусунда аккан болушу мүмкүн. Видеонун автору суулардын аттарын адаштырып алуу ыктымалдуулугу да бар экендигин айтып чыгышкан.
Окуя болгон жерде ӨКМдин, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү иштеп жатканы кабарланган. Мындан тышкары, жеринде профилдик мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия иштеп, куш менен балыктардын кырылганы катталбаганын аныктаган. Ошондой эле суунун, топурактын үлгүсү алынып, лабораторияга жөнөтүлгөн.
Булак: NazarNews.kg