www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 3-июнда өз кеңешчиси Мира Карыбаеваны кабыл алып, 2017-жылы 20 - 22-июлда Кыргызстанда өтө турган «Алтай цивилизациясы жана алтай тил үй-бүлөсүнүн тектеш элдери» Эл аралык форумуна даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматты укту.
Мира Карыбаева Президентке Форумга катышуу үчүн бүгүнкү күнгө карата Европа жана Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинде Германиядан, Венгриядан, Индиядан, Россиядан, Өзбекстандан жана Чехиядан көрүнүктүү тарыхчы окумуштуулар, археологдор, антропологдор, лингвисттер катталганы тууралу айтып берди. Андан тышкары алдыдагы иш чараны даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргызстан элинин "Мурас" тарыхый жана маданий фондусу биргеликте жасап жаткан иштерге токтолду.
Форум Евразиянын кеңири мейкиндиктерин байырдаган элдердин жалпы алтай тилдеринин, этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштарынын негизинде гуманитардык байланыштарын бекемдөөгө багытталган илимий изилдөөлөрдүн, билим жана маданий долбоорлордун жыйынтыктарын талкуулоо аянтчасы болуп калмакчы деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg