www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай маалыматты ӨКМнин басма сөз кызматы таратты. Маалыматка ылайык, 5-6-июндарында туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: дыйканчылык аймактарында 20...250, тоолуу райондордо 7...120, бийик тоолуу райондордо 0...50 жылуу болушу күтүлөт.

Абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости