www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басары Эдил Байсаловдун Жогорку Кеңештин депутаттарын "ни ктосуңар" деп кагып, азуусун көрсөтүп койгону коомдо дагы деле кызуу талкууланып жатат. 

Депутаттарды Байсаловдун сөзү катуу ардантты көрүнөт, анын отставкасын талап кылып башташты. Бирок "биз эмне киши санынан чыгып калдык беле" дегендей үтүрөңдөшкөн эл өкүлдөрү канчалык «кетсин» дешип ач кыйкырык салышкан менен колдорунан эч нерсе келбейт. Дал ушул жагдайды Байсалов беттерине айтты го. Анан калп эле  «Ормон опузага» салып, кабак түйүшкөнү эч нерсени өзгөртпөйт. 

Чындыгында Байсаловдун азыркы Конституция боюнча пикири туура. Мыйзам чыгаруу бийлиги мыйзам гана чыгарыш керек. Башка көзөмөл жүргүзүү, талап кылуу функцияларын, укуктары шал, иштебейт. Ошондуктан, ЖКнын сунуштары «рекомендательный характер» деп так айтып жатат. Баштагы парламенттик башкаруу кезиндегидей күч-кубаттары жок, министрлерге тиштери өтпөйт. 

Учурда, аткаруу бийлигинин башында президент турат. Кадр маселеси боюнча чечимди өлкө башчысы өзү кабыл алат. 

Демек, Эдил Байсаловдун "ит кыялы" президент менен Жогорку Кеңештин ортосуна терең жик салып койду. Эми президент «бакырчаак төөсүн» садага чапса, Жогорку Кеңешке позициясын алдырып койгон болот. Депутаттардын сөзү көбөйөт, үстөмдүк кылууга жол ачылат.

Ал эми, президент Байсаловду колдоп, депутаттардын айтканын чиркей чакканчалык көрбөй койсо, Жогорку Кеңеш моралдык жактан сынат. 

Айтор, өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат дегендей абал. Анын үстүнө парламент аз күндө эки айлык каникулга кетет. Андыктан, Байсаловдун отставкасын бийлик саясий процесстер курчуган күзгө чейин чоюшу мүмкүн...

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости