www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-ноябрда, Ташкент шаарынын Конгресс-борборуна Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитине катышуу үчүн келди.

Иш-чарага келген өлкөлөрдүн лидерлерин жана делегация башчыларын Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

Саммитке Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Ирандын Президенти Ибрахим Раиси, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов, Пакистандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Анвар уль-Хак Какар жана ЭКУнун башкы катчысы Хусрав Нозири катышууда.

Последние новости