www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«COVID-19» илдетине каршы мурда эмделген Аргентинанын президенти Алберто Фернандес 3-апрелде (Аргентина убактысы боюнча 2-апрелде) коронавируска чалдыккандыгын маалымдады.

Президент Фернандес өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына: «Бүгүн түнгө маал табым 37,3 градуска чейин көтөрүлүп, бир аз башым ооруп, антитулкуга анализ тапшырдым, анализ оң чыкты», – деп жазды жана диагнозун тастыктоо үчүн ПЧР сынагынын натыйжаларын күтүп жаткандыгын кошумчалады.

Фернандес коронавируска каршы Орусияда жасалган «Sputnik V» вакцинасы менен жыл башында Буэнос-Айрес ооруканасында эмделген. 2-апрелде 62 жашка чыккан Фернандес өзүнүн "абалы жакшы" деп эскертип, алдын-алуу максатында обочодо болуу эрежесин кармана баштагандыгын кошумчалады.

Аргентина бир жылдан ашуун убакыттан бери өлүмгө алып келген пандемияга каршы ар кандай даражада карантиндик чектөөлөрдү киргизген.

Түштүк Американын бул 44 миллиондуу калкы бар өлкөсүндө 2,3 миллиондон ашуун киши коронавируска чалдыккан жана бул илдеттин айынан 55 миңден ашуун киши набыт кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости