www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштогу Бабур театрын Өзбекстан оңдоп бермей болду

Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрын Өзбекстан оңдоп берет. Бул тууралуу театрдын жетекчиси Азам Абдуразаковго шилтеме берип «Азаттык» жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, имаратты оңдоого 37,5 миллион сом каражат коротулушу күтүлүүдө.

«Бул маселе президенттин иш сапарында көтөрүлдү. Бабур театрынын имараты 1979-жылы курулуп, пайдаланууга тапшырылган. Андан кийин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес», - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Өкмөт 2020-жылы театрды оңдоого бюджеттен акча бөлгөн. Бирок пандемияга байланыштуу оңдолбой калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости