www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайсы витамин жаштыкты сактоого жардам берет?

К витамини жаштыкты сактоодо маанилүү элемент болуп эсептелет. Бул тууралуу диетолог Инна Пичугина билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, К витамининен организмдеги көп процесстер көз каранды.

«Бул майды эритүүчү витаминдердин катарына кирет. Элемент кандагы белокторду синтездеп, кансыроо болгондо аны басууга жардам берет», - деген диетолог.

Адистин айтымында, К витамини көбүнчө жашыл азыктарда болот. Аларга шпинат, латук салаты (чөп), капуста, көк-сактар кирет. Мындан сырткары, аталган витамин боордо да бар.

«Аталган элемент бөйрөктүн ишин жакшыртып, сөөктөрдү бекемдейт. К витаминин балдарга көп берген жакшы. Анткени алар сөөктү жакшы өстүрөт», - деген Пичугина.

Адис сулуулук менен жаштык К витамининен көз каранды экенин айтып, аны жетиштүү көлөмдө колдонсо, иммундук система да туруктуу болорун белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости