www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Москва шаарындагы элчилигинин алдында митинг уюштурулду. Тажикстандын жарандары укук коргоочу Иззат Амонду колдоп, аны бошотууну талап кылып чыгышкан. Ал Тажикстанга депорттолгон болчу.

Бир аздан кийин акциянын катышуучуларын кармап башташкан. Азырынча канча адам кармалганы так белгисиз.

«Дождя» каналынын кабарчысы: «Кармалгандардын көпчүлүгү бошотулуп, айрымдары калтырылды. Аларды негизинен санкцияланбаган митингге чыкты деп айыптап жатышат», - деди.

«РБК» жарыялаган маалымат боюнча, болжол менен 100 чакты адам кармалды.

Иззат Амон (Изатулло Холов) Москвада 25-марттан тарта дайынсыз болуп жатканы айтылган. Кийинчерээк ал кармалып, Тажикстанга депорттолгону белгилүү болду. Ал окуядан 2 күн мурун Россиянын президентине видеокайрылуу жолдоп, анын Россиянын жарандыгы тууралуу паспорту жокко чыгарылганын айткан.

Ал марттын башында Россияда мыйзамсыз эмгектенген деп айыпталган. Өзүнүн айтымында, 1996-жылдан бери Россиянын жараны. Ал «Москвадагы тажиктер борборун» 2010-жылдан бери жетектеп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости