www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда каржы пирамидасын жарнамалагандарды жоопко тартуу мыйзамы күчүнө кирди. Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди.

Аталган мыйзамды депутат Шаирбек Ташиев демилгелеп, 5-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси толукталат. Тагыраагы, кимдир бирөө финансы пирамидасын массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалагандан кийин андан ири өлчөмдө зыян тарткан учурлар катталса ага 150-200 миң сом айып салынат.

Мында жарнама кылган белгилүү адамдардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жарандардын укугун коргоо каралганы белгиленди.

Мыйзамдын автору 2022-жылы пирамида фактысы боюнча 882 кылмыш иши козголуп, 1 052 адам зыян тартканын билдирген. Алар 273 миллион сом жана 1 миллион 597 миң долларга алданган. Ташиевдин айтымында, шылуундук кылган жарандар өз максатына жетүү үчүн элге таанымал адамдарды колдонуп жарнама кылышат. Алардын постторунан кийин карапайым эл ишенип алып өз мүлкүнөн ажырап калууда. Андыктан каржы пирамидасын түзгөн шылуунду эле эмес, анын ишин жарнамалаган адамдарды дагы жоопко тартуу зарыл.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости