www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунда «Казарман ГЭСтер» каскадын курууга мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, «Казарман ГЭСтер» каскады Кыргызстандын көз карандысыздык тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоорлордун бири болуп саналат жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоодо маанилүү роль ойнойт.

Долбоордун алкагында «Ала-Буга», «Кара-Булуң-1» жана «Кара-Булуң-2» гидроэлектр станциялары курулат. Алардын жалпы кубаттуулугу 912 мегаваттты түзүп, жылына орточо 3,75 млрд киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт.

Долбоорго болжол менен 3 млрд АКШ доллары инвестиция тартылып, ал «Орта Азия Инвестмент Холдинг» ААК менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылууда.

Президент өлкөдө өнөр жай ишканаларынын саны өсүп жаткандыктан электр энергиясына болгон суроо-талап жыл сайын көбөйүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, жаңы гидроэлектр станциялары менен катар күн жана шамал электр станциялары бул муктаждыкты камсыздоого жардам берет.

Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргызстанда гидроэнергетика жана кайра жаралуучу энергия булактары боюнча бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын айтты. Учурда «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу улантылып, Сары-Таш жана Капчыгай чакан ГЭСтери, ошондой эле жалпы кубаттуулугу 145,8 МВт болгон Чаткал ГЭСтер каскады курулууда.

Мамлекет башчысынын маалыматына ылайык, акыркы беш жыл ичинде өлкөдө 50гө жакын чакан жана орто ГЭС пайдаланууга берилсе, учурда дагы 50гө жакын гидроэлектр станциясынын курулушу жүрүп жатат. Мындан тышкары күн жана шамал электр станциялары боюнча долбоорлор да ишке ашырылууда.

Президент белгилегендей, 2020-жылы Кыргызстан кыш мезгилинде 3 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттосо, учурда бул көрсөткүч 4 млрд кВт/саатка жеткен. Анын айтымында, жаңы өндүрүш ишканаларынын жана социалдык объектилердин көбөйүшү электр энергиясына болгон керектөөнү дагы да арттырууда.

Садыр Жапаров «Казарман ГЭСтер» каскадын 2031-жылга чейин бүткөрүү пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, бул объект жана «Камбар-Ата-1» ГЭСи ишке киргенден кийин Кыргызстан ички электр энергиясына болгон муктаждыгын толук камсыздап, коңшу мамлекеттерге электр энергиясын экспорттоочу өлкөгө айланат.

Иш-чаранын соңунда Президент жергиликтүү тургундар менен кыскача баарлашты.

Последние новости