www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бир тууган эжеси акыркы сапарга узатылды 

Бүгүн, 25-июнда Арашан айылында Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин бир тууган эжеси Айнура Шаршеновна акыркы сапарга узатылды. 

Аза күтүү тажиясына айылдаштары, тууган-уруктары, жакын санаалаштары, достору жана маркумду тааныган жүздөгөн адамдар катышып, анын жаркын элесин эскеришти.

Айнура Шаршеновна өмүрүндө адамгерчиликти, боорукерликти жана жөнөкөйлүктү бийик туткан инсан катары эл арасында кадыр-баркка ээ болгон. Аны менен аралашып жүргөндөр анын кең пейилин, жардамга дайым даяр турган асыл сапаттарын өзгөчө белгилешти.

Маркумдун жакындарына жана экс-президент Алмазбек Атамбаевге кайрат тилеп көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жараткан бейиштик кылсын.

Последние новости