www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемин районунда адам өлүмү менен коштолгон кырсык катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Подгорный айылында "Audi C4" үлгүсүндөгү унаа Чоң Чүй каналына түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге ӨКМдин 7 куткаруучусу жана ИИМдин 6 кызматкери барган.
"Куткаруу иштеринин жыйынтыгы чөгүп кеткен унаа крандын жардамы менен суудан чыгарылып, ичинен 3 эркектин сөөгү табылып, сөөктөр милицияга өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Чүй облустук милициянын маалыматы боюнча, каза болгондор - бир үй-бүлө мүчөлөрү. Тактап айтканда, атасы жана анын эки баласы.