www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, эртең менен машинеде келатып радиону койсом «Санжыра» радиосунун «Жаргылчак» берүүсүндө эки «аферист» Кыргызстанды 3 жылда өнүктүрүп жиберет элек деп өздөрүн рекламалап жатышыптыр. Бирөөсү айтылуу Акылбек Жапаров, экинчиси Финансы министиринин карыз алуу боюнча орун басары Байгончоков деген неме. Бул экөө тең 20 жылдан бери бюджеттин акчасын кемирип жеп келе жаткан чиновниктер. Акылбек Жапаров Бакиевдин учурунда 1-вице-премьер болуп турганда Канттагы өзүнүн менчик «МИС» деген чарбасына бюджеттен 200 миллион сом алып эмгиче кайтарып бербей жүрөт. 2012-жылы министр болуп турганда 5 миллион долларды өзүнүн бөлөсүнө проценти жок суда кылып берип Кеминге алма бак тигишкен. Ал акча да эмгиче кайтарыла элек.14 километр болгон контейнерден курулган тосмосу эле болбосо алма бактан дайын жок.

Кыргызстанды карызга батыргандардын бири Байгончоков. Акчаны карызга ала берет. Ал алган акчаларга курулган ишканалардын бири да иштеген жок. Мисалы, Кытайдан 20 миллион доллар алып Токмокко кагаз чыгаруучу комбинат салышкан. Комбинат бир күн да иштебеди. Көрсө, кагазга керектүү сырьё (токой) Кыргызстанда жок экен... Проценти менен 30 миллиондон ашык долларды азыр кыргыз эли төлөп жатат. Келитирилген мисалдар бул эки эргулдун жасаган иштеринин бир чети эле... Кыргызстанды 3 эле жылда өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кийрийт элек деп ооз көптүрүп бул экөө радиодон президентке «салам-дуба» жөнөтүп жатышат.

Эгерде президент чындап эле коррупция менен күрөшө турган болсо бул экөө мамлекеттик кызматта эмес, башка жерде отурушу керек эле.

Өмүрбек Абдырахманов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости