www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-23-июль күндөрү Каркыра жайлоосунда Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык, Кыргыз эл артисти, залкар актёр Советбек Жумадыловдун 90 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу maralfm.kg сайтына уюштуруучулар билдирген.

Эки күндүк салтанаттын алкагында байге фонду 1 млн сомду түзгөн төкмө акындардын айтышы болот. Ошондой эле улуттук оюндар өткөрүлүп, ага 6 унаа байге сайылат. Андан тышкары, эки күн тынбай «Манас» айтылып, чоң программадагы концерт, театралдык коюлумдар менен коштолот. Иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаров да катышаары айтылды.

31-август - Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүн президент Садыр Жапаров адаттагыдай Ала-Тоо аянтында тоспойт. Айрым маалыматтарга таянсак, 31-август күнү президент Байтик баатырдын 100 жылдыгына карата тойго катышып, жеринен доклад жасайт. Тойго сарпталуучу каражат 180 млн сомду түзөт. 

Эске сала кетсек, Байтик Канай уулу же Байтик-баатыр 1822чи же 1823-жылы Чүй өрөөнүндө туулуп, 1886-жылы Чүйдөгү, Кашка-Суунун боюнда каза болгон — XIX кылымдын кыргыздардын саясий ишмери, кыргыз элинин талаптарын Кокон хандыгынан коргогон ишмер, бирок ошол эле учурда ал оторчул Орусия падышалыгынын Чүй өрөөнүндөгү баскынчыл жортуулдарын колдогон.

Кыргызстандагы кыргыздардын солто уруусунун чоң манаптарынын бири болгон Байтик Канай уулу 1822-жылы же 1823-жылы Чүй өрөөнүндө туулган. (Анын туулган жана өлгөн жылдарын тарыхчы Кыяс Молдокасымов Орусиянын падышалык доордогу архивдик даректерин иликтеп жүрүп тактаган).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости