www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын медициналык профсоюзу блогер Улукбек Карыбек уулун сотко бермекчи. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган уюмдун жетекчиси Бермет Барыктабасова билдирди.

Анын айтымында, активист иш жүзүндө ооруканаларга кирип, дарыгерлерди жумуштан алаксытып, бейтаптарга тоскоол болот.

«Видеолордун биринде ал Ош шаардык бириккен балдар ооруканасынын дарыгерлерин 6 жашка чейинки балдарга бекер делген кызматтар үчүн акы алып жатат деп айыптаган. Ал акчаны кайтарып бергенге мажбурлаган. Башкача айтканда, бул сумма прейскурант боюнча мыйзамдуу түрдө мекеменин кассасына төлөнгөн», - дейт Бермет Барыктабасова.

Ал кошумчалагандай, мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, баланын ооруканада кызмат алуу үчүн жолдомосу жок болсо, төлөм алынат.

«Мындан тышкары, Бириккен облустар аралык балдар ооруканасы стратегиялык объект болуп саналат («Б» тобу). Мыйзам жана стратегиялык объектилер боюнча өкмөттүн токтомуна ылайык, стратегиялык маанидеги медициналык аймакта медицина кызматкерлеринен, ыйгарым укуктуу жана жооптуу адамдардан, бейтаптардан жана алардын түздөн-түз жакындарынан башка адамдар болбошу керек», - деп белгиледи Барыктабасова.

Анын айтымында, мындан тышкары блогер Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбековдун профсоюз мүчөлөрү менен өткөрүп жаткан жыйынын үзгүлтүккө учураткан.

Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин профсоюзу медицина кызматкерлеринин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо үчүн сотко кайрылууга ниеттенүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости