www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы бир шумдуктуу, күлкүлүү жана акылга сыйбаган иш жасашы мүмкүнбү? Бул тууралуу mk.ru жазып чыкты.

Зеленскийдин Украинага Саакашвилини вице-премьер кылуу сунушуу, өзүнүн парламенттик фракциясын башкара албай жатканы.

Ага кошумча, дагы бир жолу саясатчы катары тескери сапаттарга ээ экени тастыкталды.

Киевде ушул окуядан кийин, таң калыштуу саясий жымжырттык өкүм сүрүүдө.

Ошондой эле, Жогорку Раданын төрагасы Дмитрий Разумков жана президенттикке жакын фракциянын башка депутаттары да Саакашвилинин дайындалышына каршы сөздөрүн айтып жатышат. 

Деги эле, Саакашвилинин дайындалышы жөнүндө окуя Украинанын лидери үчүн күтүлбөгөн саясий сынак болду. Кайсы тарапка карабасын, Зеленский эч качан ийгиликке жетишпейт.

Эске сала кетсек, Президент Зеленский 52 жаштагы Саакашвилиге вице-премьерлик кызмат сунуш кылганы белгилүү болгон. Ал кызматка кириши үчүн Жогорку Раданын колдоосуна ээ болушу керек.

Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко кызматта турган кезинде Саакашвилиге украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. 2016-жылдын соңунда Саакашвили губернаторлуктан кетип, украин бийлигин коррупция боюнча айыптай баштаган.

2017-жылы Порошенконун жарлыгынын негизинде жарандыктан ажыратылып, өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Бийликке Владимир Зеленский келген соң Украинага кайтып, жарандыгы калыбына келтирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости