www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 4-майда  депутат Каныбек Иманалиевге телефон чалып, пресс-катчысы Адилет Султаналиев аны менен макулдашпай билдирүү жасаганын, өзүн ыңгайсыз сезип жатканын билдирип, кечирим сурады.
Депутат аны түшүнүү менен кабыл алып, Адилет Султаналиевге эч жаман ою жок экенин айтып, бирок экономикалык маселелер боюнча сунуштарын тез арада жүзөгө ашыруусу бүгүнкү күндүн талабы экендигин, Парламент жана Өкмөт эң ириде бүт күчүн кризистен чыгууга жумшоосу зарылдыгын айтты.

Эске салсак, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев кыргыз өкмөтүнүн өзү жасаган токтом долбоорунда кемчиликтер бар экенин айтып, өкмөттү сынга алган.  Буга байланыштуу премьер-министрдин басма сөзүнүн кызматкери Султаналиев  депутатты "Нарын дарыясындагы крокодил" деп тийишип өткөн. Бул окуяны Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу сынга алып, Султаналиевдин мындай жообу туура эместигин айтып, ага карата жаза колдонулса туура болот деген пикирин айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости