www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүшкөн чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар үчүн "жашыл коридордун" колдонулуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 11-майына чейин Кыргыз Республикасынын бир катар региондорунда өзгөчө абал тартибинин мөөнөтү узартылганын эске алып, ошондой эле чет өлкөлөр менен авиа каттамдар убактылуу токтотулгандыгына жана чет мамлекеттердин чек аралары жабылгандыгына байланыштуу, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында визасы бар жана визасы жок тартиптеги жактар 2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө чыгуучу визасы жана турган жери боюнча катталуусу талап кылынбастан Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кете алат.

Муну менен катар, Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, каттоо мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк жарандар 21-майда калкты тейлөө борборлорундагы паспорттук бөлүмдөр ачылганда мөөнөттөрүн узарта алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости