www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда алдыда боло турган ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго Мамлекеттик тууну тапшырды.

Мамлекет башчысы олимпиадачылардын алдында сүйлөп жатып, Олимпиада - бул дүйнөлүк масштабдагы иш-чара экенин, дүйнөлүк спорт тарыхында абдан маанилүү орунду ээлерин белгиледи. Ошондуктан Олимпиадада ар бир өлкө жалаң алдыңкы орундарды багындырып, жеңиштерге жетүүгө жан үрөйт.

Садыр Жапаров эгемендик жылдар аралыгында өлкөбүз жалпы 7 Олимпиада медалын: 3 күмүш жана 4 коло жеңип алганын эске салды. Алардын баары жайкы Олимпиадаларда жетишилген ийгиликтер болгон. Сиднейде дзюдочу Айдын Смагулов коло медаль, Пекинде балбандар Канат Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев менен Базар Базаргуруев коло медалдарды жеңип алган. Кечээ жакынкы жылдары эле Токиодогу Олимпиадада Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов күмүш медалдарды, Мээрим Жуманазарова болсо коло медалдарды жаркыратып тагынып келишкен.

Президент жакында боло турган жайкы Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгонун айтты. Мамлекет башчысы алардын басымдуу бөлүгү күрөш боюнча экенин баса белгиледи. Күрөш - биздин олимпиадалык спорттун түрлөрүнүн ичинен негизги локомотиви болуп, Кыргызстан бүт дүйнөгө таанылып, даңазаланды.

“Бүгүн бул жерде үч жылдан бери кайрат-күчүн жыйып, талап кылынган тартипти катуу сактап, өжөрлөнө машыгып, акыры Кыргызстандын намысын коргоо укугуна ээ болгондор чогулуп отурушат. Дегеле соңку жылдары өлкөбүздө спорт жаатында күчтүү жаш муун өсүп келатат. Биздин спортчуларыбыздын келечеги али алдыда!” – деп белгилеп, Садыр Жапаров ары мекенчил, ары күчтүү, ары адептүү уул-кыздарды таптап, өстүрүп, дүйнөлүк майданга алып чыгып, Кыргызстандын атын таанытып жаткан жалпы машыктыруучулар жамаатына кесипкөйлүгү менен таланты үчүн ыраазычылык билдирди.

“Тескерисинче, мындай кыл чайнашкан учурлар спортчуларыбызды чыйралтып, ого бетер күчтүү, ого бетер намыстуу, ого бетер ишенимдүү кылып келген. Айкөл Манас баштаган бабаларыбыздын көк жалдыгын, көздөгөнүнө жете билген өжөрлүгүн Париждеги Олимпиада оюндарында көрсөтөсүңөр деп ишенем. Силер 7 миллион кыргызстандыктын ой-санаасында турасыңар, силерди жүз миңдеген мекендештериңер жеңиш менен күтөт”, - деп, Мамлекет башчысы олимпиадачыларга дем-күч жана жеңишке болгон бекем эрк каалады.

Иш-чаранын аягында Президент Садыр Жапаров улуттук курама команданын капитаны, атактуу балбан Акжол Махмудовго Кыргызстандын Мамлекеттик желегин тапшырды.

Последние новости