www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Тергөө комитетти мигранттардын биометриялык маалыматтарын — манжа изин, геномдук каттоосун киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылган.

Кылмыштуулук менен күрөшүү жана миграция саясаттын өркүндөтүү боюнча сунуштарды РФ Тергөө комитеттинин жетекчиси Александр Бастрыкин Мамлекеттик Думага жөнөткөн. Анда чет өлкөлүктөрдү жарандыктан ажыратуу үчүн буга чейинки негиздемелерден сырткары дагы кошумча оор же өзгөчө оор кылмышка даярдануу, аракет кылуу же атайылап жасоо фактысын да кошууну сунуштаган.

"Өлкөгө кирип чыккан чет элдиктерди катуу көзөмөлгө алуучу бир катар чаралар сунушталууда. Алар биометрияны киргизүү, манжа изин алуу, геномдук каттоо, мигранттардын иштеген жана жашаган жерин санариптик системага киргизүү, "көлөмсүз, баары сыя берген батирлерге" массалык каттоого тургузууга тыюу салуу", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Россиянын жарандыгын алгандарга паспорт берүү менен кошо аскердик каттоого алуу жана мигранттарды иштеткендерге бир катар жоопкерчиликти жүктөй турган сунуштар да каралган.

Последние новости