www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12 жаштагы өспүрүм үч аялдын өмүрүн сактап калды

12 жаштагы Алинур Туратбеков өзгөчө эрдикти жана чечкиндүүлүктү көрсөтүп, Каракол шаардык пляжынын жанындагы көлгө чөгүп бараткан үч аялдын өмүрүн сактап калды.

Ички иштер министрдигинен билдиришкендей, анын тез кабыл алган чечими жана кайраттуулугу кырсыктын алдын алууга шарт түздү.

Алинур Туратбеков, Тоң районунун Ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мирлан Буканбаевдин жана Ысык-Көл облустук милициясынын уюштуруу - тескөөчүлүк бөлүмүнүн улук инспектору Наргиза Осмоналиеванын уулу. Алинур самбо күрөшү менен машыгат, бул ага күч жана туруктуулукту өрчүтүүгө жардам берет.

Окуя , 20-июль күнү кечинде, Алинур апасы жана карындаштары менен көл жээкте эс алып жүргөндө болгон. Жардам сураган үндөрдү уккан Алинур, толкунга туруштук бере албай, чөгүп баштаган аялга жардам берүү үчүн сууга кирген. Ошол маалда эки аял чөгүп жаткан аялга жардам берүүгө аракет кылышып, бирок, алар чөгө башташкан.

Алинур Туратбеков сууда сүзүү чеберчилигин жана эрктүүлүгүн көрсөтүп, чөгүп жаткан аялдарды биринин аркасынан бирин чыгарып, бардыгын жээкке жеткире алган. Анын көрсөткөн эрдиги кырсыктын алдын алып, адамдардын өмүрүн сактап калды.

"Биз уулубуз менен сыймыктанабыз. Анын чечкиндүүлүгү биздин үй-бүлөбүздүн маанилүү сапаттары болгон чыныгы адамгерчили жана кайраттуулук ага негизделгенин тастыктайт", - деди Алинурдун апасы, милициянын майору Наргиза Осмоналиева.

Последние новости