www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эрдоган Азербайжан Улуттук Парламентиндеги кайрылуусунда: «Кавказдагы тынчтык жана бейпилдиктен бир гана Азербайжан эмес, Армения баш болгон региондун бардык өлкөлөрү жана дүйнө жүзү пайда таап чыгат. Туруктуу тынчтыкка жетүү бул чөлкөмдөгү бардык элдер менен мамлекеттердин өз ара ишенимдин негизинде иштелип чыккан кызматташтыгы аркылуу болот деп ишенебиз.Бүгүн биз Азербайжандын жанында бардык мүмкүнчүлүгүбүз менен турабыз. Бүткүл дүйнө эртең дагы биз сенин жаныңда болоорубузду билиши керек. Түрк улутун жалаа менен жамандагандар алгач Кавказ менен Азербайжанды карашы керек»,-деп айткан Режеп Таййип Эрдоган: «Андан кийин, эгер алардын абийири жол берсе, биз алар менен айыптоолор жөнүндө өзүнчө сүйлөшөбүз. Цивилизация менен вандализмдин айырмасын көргүсү келген адам келип, Карабахтагы эки мезгилдин айырмасын карап көрүшү керек»,-деп кошумчалады.
Президент Эрдоган, быйыл Азербайжандын маданий борбору болгон Шушаны келерки жылы «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» катары көрүүдөн кубанычта болушарын айтты.
--«Карабах ошондой эле дүйнөнү саясий жана экономикалык дымактарынын аренасы деп эсептегендердин эсептөөлөрү бузулган жер. Экинчи Кавказдын мойнуна эч ким туткун чынжырын сала албашы үчүн, биз алдыбызга келген мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип туура пайдаланышыбыз керек. Нахчыван менен Бакуну бириктире турган Зангезур коридору биздин аймакка алып келе турган жеңилдикти жана байлыкты сөз менен айтып жеткире алгыс нерсе. Зангезур коридорундагы темир жол аркылуу армяндар дагы Москвага жана дүйнөгө оңой жете алышат, ошентип алар өзүлөрүнө жүктөгөн блокададан кутула алышат. Армения Азербайжан менен көйгөйлөрүн чечкен сайын биз Түркия катары керектүү кадамдарды жасайбыз»,-деди Эрдоган.
Президент Эрдоган, Азербайжан Улуттук Парламентинде сөз сүйлөгөндөн кийин, борбор шаар Бакуда түрк жана азербайжан шейиттер көрүстөнүнө барып, шейиттердин мүрзөлөрүнө гвоздика коюп, дуба кылды.