www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Сибирь аймагындагы Кемерово шаарында парашют спортчулары бараткан учактын аянтка катуу конушунан улам кырсык болуп, учактагы 9 адам каза болду. Бул тууралуу трт.нет билдирди. 

Россия чукул абалдар министрлигинен берилген маалыматка ылайык өлкөнүн Кемерово шаарында парашют спортчуларын ташыган «Л - 410» моделиндеги жеңил моторлуу учак учуу учурунда кыймылдаткычтарынын бирөөсү иштебей калган.

Экипаж аэропортко кайра кайтарган учак конуу учурунда сол канаты менен кырсыкка кабылды. Учакта 24 адамдын болгондугу, кырсыкта 2 учкуч менен 9 адамдын каза болгондугу, 15 кишинин жаракат алгандыгы билдирилди.

Окуя тууралуу тергөө иши башталды.

Последние новости