www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыл-Атага заманбап мектеп салынды

Бүгүн, 19-июнда Ала-Бука районуна караштуу Ак-Там айыл аймагынын Кызыл -Ата айылындагы Ы.Чаңгылов атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылуу аземи болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев, облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков, район акими Нурбек Сатаров жана жергиликтүү айыл аймагынын башчысы М.Камчыбеков, Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү, РБББ башчысы Ч.Турдукулова, кесиптештери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Анда алгач ЖК депутаты, Кызыл-Ата айылынын тургуну А.Турсунбаев мектептин ачылуу аземи менен куттуктап, келечек ээлери заманбап салынган алтын уядан билимдүү жаш кадрлар чыгарын баса белгилеп, өзү да аталган мектептен билим алганын кошумчалады. Ал эми район акими Н.Сатаров жаңы окуу жылына жаңы мектептин ачылуусу билим берүү тармагындагы жылыш экенин баса белгилеп, эмгек жамааттын ишине ийгилик каалап, жаңы имараттуу болушу менен куттуктады.

Ы. Чангылов мектебинин биринчи корпусу 1919 - жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен 2019- жылы долбоор даярдалып, ал Сауд өнүктүрүү фондуна өткөрүлүп, курулуш иши башталган. 1 жыл 8 ай аралыгында бир кылымдык мектеп ордуна эки кабаттуу, 225 орунду заманбап мектеп салынып, 69 миллион сом каражат сарпталган.

Сауд өнүктүрүү фонду билим берүү, медицина жана ирригациялык тармактарды жандантуу боюнча акча каражатын бөлүп келет. Учурда өлкөбүз боюнча 27 мектеп аталган фонд тарабынан курулуп жатат.

Мектеп директорунун айтуусуна караганда Кызыл-Ата айылындагы аталган мектептин экинчи корпусу 190 окуучуга ылайыкташып салынганына карабай 500 окуучу эки мөөнөт менен билим алышып, бош класстын жоктугунан эч кандай кошумча ийримдерди өтүүгө мүмкүнчүлүк болбой келген. 

Районубузда жалпы 45 мектеп болсо, 6 мектеп жана РБББ имараты авариялык абалда. Быйылкы жаңы окуу жылына бүгүнкү жаңы бүткөн мектептен сырткары Кок-Таш айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттин эсебинен салынып жаткан сентябрь айына толук бүткөрүлөрү пландалууда. Андан сырткары 1-Май айыл аймагында 2 мектепте курулуш иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости