www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда акыркы учурларда ырчылардын көпчүлүгү акчанын кызыкчылыгы үчүн зыян же пайдасына карабай ар кайсы заттарды жарнама кыла баштады. Аларды кой, ай деп тешкерип тыйган инсан жок. Так ошол жарнамадагы Organic Life маскасы тууралуу журналист Акылай Маратова төмөнкүчө пикирин билдирди.

Мен тарткан азап!

Көпкө ойлондум бул посту жазуу үчүн акыры жаздым, балким бирөөгө жардамы тийип калар. Улам-улам чыккан рекламадан улам инстаграмдан #органиг_лайфдын маскасын былтыр июлда буйрутма аркылуу алдым. Эрежесин сактап күн алыс бетиме коюп, масканы муздаткычка сактадым. Экинчи жумадан кийин оң бетиме кызыл болуп безетки (угри) чыкты. Бул безетки (угри) күн сайын көбөйүп баштады. Компанияга байланышсам туура көрүнүш эч токтотпостон колдоно бериңиз, бетиңиз мындан да сонун болот деди. Ишенчек жаным андан ары колдонуп баштадым. Бирок, мен күткөн жылмакай жүзүм дароо безеткиге (угри) толуп кетти. Компания болушу мүмкүн эмес деген шылтоону айтып мени кара тизмеге киргизип салды.

Айла жок андан кийин безеткини (угри) кетире албай жарым жылдан ашык азап тарттым. Косметикадан баш тарттым. Өзгөчө психологиялык жактан абдан жабыркадым. Адамдын жүзү анын күзгүсү экен ошондо билдим.

Мен ичпеген дары, тапшырбаган анализ калган жок. Ысык-Атанын суусу жакшы десе ага да барып көрдүм. Бирок, жыйынтык болгон жок. Баса, плазмаферез да жасаттым. Канымдын 400 гр алып тазалатып кайра куйду. Бирок, натыйжа болгон жок. Врачтар безетки кетиш үчүн жылдап убакыт керек дешти. Күндүз жумуш менен алаксысам, кечки 6дан кийин өзүмдү-өзүм жей берип, күзгүдөн бетимди карап ыйлай берип чөгүп кеттим.

Анткени баягы безетки (угри) аллергияга айланып далыма, көкүрөгүмө чаап кетти. Кычышып көбөйгөндүктөн бир кийген кийимди, жаздык шейшеп дегенди кайра колдонгонго болбой калды. Компания менен соттош дегендерда болду. Чынында анда бирөө менен учурашканга да дараметим жок болчу. Ызаамдан сүйлөгөн сөзгө эле көз жашым дайын эле.

Анан диета карма дешти. Камыр тамакты өзгөчө куурулган тамакты сүйгөн жаным диета кармоо ушунчалык кыйын болду. (Мага ажалдай эле сезилди. Андыктан азыр эч кимге диета сунуштабайм. Эгер ден-соолугуңар чың болуп баардык тамакты жегенге мүмүкүнчүлүк барбы анда жей бергиле. Сүйөм деген жигит силердин арык толугуңарга деле карабайт. Акырында дары алмак түгүл, жумушка барганга да жол акым калган жок. Бактыма эжем бар экен жолумду камсыздап берди.

Ушундай айымдар. Эгер Organic Lifeдын же интернетке чыккан каражаттарды алам десеңер косметолог менен кеңешип жети өлчөп бир кесип алгыла. #абайлагыла. Азыр бетимде тактар калып калды. Безетки (угри) чыкса эле кайрадан жүрөгүм ооруп баштайт, - дейт журналист Маратова.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости