www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы, коомдук ишмер, мамлекеттик кызматкерлер кайсы президент бийликке келбесин анын саясатын жүргүзөөрү ачуу чындык. Аны учурунда мактап, жактаганыбыз менен бийликтен кеткенден кийин, ал адам жөнүндө жакшы сөз айткыбыз келбейт. Учурда эң эле өкүнүчтүү көрүнүш: такталбаган, далили жок маалыматтар күч алды. Президенттин жубайына чейин, саясатчынын уул-кызына чейин каралоо жүрүүдө. Мындай көрүнүш жакшы жышаан эмес, келечекте запкысын тийгизет. Айтайын дегеним, ар бир журналист, саясатчы, жарандык активист же блогер болобу, бирөө менен кармаша турган болсок, анын үй-бүлөсүнө, жеке турмушуна асылбай, анын иши боюнча сынасак, албетте, аны да далил менен...- дейт, NazarNews маалымат агенттигине “Теңир тоо” ынтымак коомунун жаштар төрагасы Урмат Акунов.

Ага кошумча, “Бүгүнкү жүрүп жаткан саясат дагы мурдагы бийликтин кадамдарына окшошуп кетүүдө. Алсак, 2010-жылдагы жалган-жалаа, көралбастык, куру доомат менен жүргөзгөн саясатын кайрадан кайталоонун жолуна түшкөндөй сезилет. Атамбаевдин убагындагы запкыны бүгүнкү бийлик көргөн. Эр-азаматтар Ташиев менен Жапаров аны унутпай, туура жолго түшүп, мамлекеттик өнүгүү жолуна багыт алышы керек.

Турганбаевдин балдарына асылганды токтотолу!

Учуру келип турганда, Теңир тоонун кулуну катары Мелис Турганбаев тууралуу туурасын айта кетейин. Бул кишинин элине, жерине кылган кызматы тууралуу маалыматтар көп эле жазылган. Албетте, сындар да айтылган. Ал бийликте турганда, мен дагы сындап,  ачык эле айтышып жүрдүк. Бирок  Мелис Токтомамбетович далилдүү сындардарды туура кабыл алып жүрдү. Эми ушул киши тууралуу учурда ар кандай саясат оюну жүрүп, каралоо башталды. Өзүнө эле эмес, бала-бакырасына чейин асылышууда. Бул таптакыр туура эмес. Мелис Турганбаев азыр ардактуу эс алууда. Ал жакшыбы-жаманбы элине кызмат кылды. Эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионатына барып,  дүйнө чемпиону болуп, кыргыздын туусун желбиретип келүүдө.

Бул адам менен жеке маселеси болсо, бетме-бет жолугуп чечип алса жакшы болмок. "Кайтар дүйнө" дейт кыргызда, аны унутпашыбыз керек! Азыр анын уул-кыздарына асылса, кийин азыркы бийликтин балдарына асылбайт деп ким кепилдик бере алат?! Өткөндөн сабак алсак жакшы болот эле. Пейил-ниетибизди оӊдоп, түздөп, кайсы саясатчы болбосун, анын балдарына асылганды токтотушубуз керек. Ушундай  чакырып таштап, баарыӊыздарды колдоого үндөймүн. Себеби, атасынын саясатына баласы жооп бербейт. Кайсы адам болбосун, анын балдары кор болбошу керек! Мелис Турганбаевдин уул-кыздары айрым саясатчылардын балдарына окшоп саясатка аралашкан жок. Атасынын кызматына таянып манчыркап же жогорку кызматтардан көргөн жокпуз. Андыктан ойлонолу, ойгонолу, туугандар! Бийлик бүгүн бар, эртеӊ жок, бардыгы убактылуу.

Эки достун балдары деле убагында азап чеккен...

Эсиӊиздерде болсо керек, мындан 4 жыл мурун, 2017-жылдын 25-мартында азыркы президент Садыр Жапаров чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтып келе жатканда, чек арадан "Кумтөр иши" боюнча камакка алган. Аны бошотууну талап кылган тарапташтары камакка алынып, ызы-чуу болгон. Алардын арасында Садыр Жапаровдун 20 жаштагы уулу Рустам Жапаров дагы бар болчу.  Балдардын аёосуз сабалганы тасманы, Айгүл Жапарованын ыйлап жүргөнүн көрүп жүрөк ооруп, артынан баарыбыз чуркап жүргөнбүз.

Бул окуядан мурун, 2013-жылы Камчыбек Ташиевдин баласы Тамерлан Ташиев уурулукка шектелип кармалып, камакка алынган. Ошол жылдын 1-декабрында милиция Бишкектеги ЖОЖдун студенттерин кармаган. Алардын арасында Тамерлан Ташиев да болгон. Ошол окуя 8 жылдан кийин, атасы Камчыбек Ташиев таасирлүү кызматка келгенден кийин, быйыл, 5-апрелде Бишкек шаардык сотунда каралып, Тамерлан Ташиевге карата чыгарылган биринчи инстанциядагы соттун өкүмү жокко чыгарылган.

Урматтуу калайык калкым, бийликтегилер! Баарыбызда тарбиялап өстүргөн бала бар, аларга кол тийгип, жамандык кылуунун же талкууну токтотсок жакшы болмок. Атасынын саясаты үчүн балдары эмнеге азап чегүү керек? Бийликке, кызматка келген адам кечээги эле өзүнүн балдарынын азап чеккенин эстеп, камалып жаткан, шектелип жаткан саясатчылардын балдарына тийбеши зарыл.  Эгер менин макаламды окуп турсаңыз, маңдайыңыздагы балаңызды өзүңүздүн жамандык ишиңиз үчүн балаңызды түртөт белеңиз. – Жок, ким кандай саясатчы болбосун балдарына тийишкенди токтотсок. Өткөн катачылыкты эл унутса дагы Ташиев менен Жапаров эч качан унутпашы керек! Кайрадан жалпы кыргыз элине, журналистерден суранат элем, саясатчылардын балдарына такталбаган маалыматтарды жазып тагдырын талкалабасак - дейт актвист Урмат Акунов.

Эске сала кетсек, акыркы учурда Мелис Турганбаевдин уулуна каралоо күч алды. Бул көрүнүштү нарындык активист Урмат Акунов, Турганбаевдин уулун жакындан билген инсан катары жергиликтүү ММКлардагы каралоону толугу менен четке кагат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости