www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 17-декабрда 8-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарына кайрылып, өлкөнү өнүктүрүү жана «Жаңы Кыргызстанды» куруу жолунда бирдиктүү максат менен иш алып барууга чакырды.
Мамлекет башчысы депутаттардын ант берүү аземинен кийин сүйлөгөн сөзүндө парламенттин жоопкерчилигине жана саясий коррупцияга каршы күрөштүн маанилүүлүгүнө өзгөчө токтолду.
«Алдыңкы мамлекеттер менен катарлаш жүрүү үчүн өлкөнү өнүктүрөлү деген изги тилек менен жаңы Кыргызстанды куруу жолунда бир максатты көздөйлү», — деди Президент.
Садыр Жапаров мурдагы парламенттер учурунда саясий коррупция, кызматтарды соодалашуу жана кадр саясатынын кризиси өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу тоскоолдук жаратканын белгиледи.
Анын айтымында, партиялык система учурунда кызматтар акчага сатылып, кесипкөй адистер чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон.
«Муну жашыра албайбыз — бул ачуу чындык», — деди Президент.
Президент кадр маселесин чечүү максатында 2023-жылы Чолпон-Ата шаарында «Акылман» мектеби ачылганын эске салды. Бул мектептерде бардык аймактардан тандалып алынган таланттуу балдар билим алып, келечекте мамлекетке кызмат кылууга даярдалууда.
Анын маалыматына ылайык, учурда 260 окуучу билим алууда, ал эми келечекте бардык облустарда ушундай лицейлер ачылган.
Мамлекет башчысы депутаттарды министрлерге жана мамлекеттик кызматкерлерге кадр маселеси боюнча кысым көрсөтүүдөн алыс болууга чакырды.
«Тааныш-билиш менен кызматка орноштуруу практикасы толугу менен жоюлушу керек», — деди ал.
Президент ошондой эле бюджетти бекитүүдө жана өкмөттүн отчётторун кароодо соодалашууга жол берилбеши керектигин белгиледи.
Садыр Жапаров өлкөнүн экономикалык абалы тууралуу да маалымат берип, Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүү темпи 10 пайызды түзүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, алтын-валюта резерви 8,5 млрд долларга, тышкы карыз ИДПнын 25 пайызына чейин кыскарып, консолидацияланган бюджет 1,2 трлн сомго жакындаган.
Президент бул көрсөткүчтөр экономикалык туруктуулукту тастыктап турарын белгилеп, Жогорку Кеңештин там-туң баскан жаңы келген депутаттарына ийгилик каалап аны менен бирге эле кыйытып чымчып, аларды саясый бекемдикке чакырды.