www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДОХА — Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев 2025-жылдын 15–19-декабрында Катар мамлекетинин Доха шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясына катышуучу мамлекеттердин конференциясынын XI сессиясына (CoSP-11) катышууда.

Иш-чарага 190дон ашык мамлекеттин өкүлдөрү, ошондой эле 2 миңден ашуун прокурорлор, коррупцияга каршы органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, эксперттик жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. Конференция БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясын ишке ашыруу маселелерин талкуулоого жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган негизги глобалдык платформа болуп саналат.

Конференциянын жогорку деңгээлдеги сегментинде Башкы прокурор Максат Асаналиев сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө көрүлүп жаткан чараларга жана жетишилген жыйынтыктарга токтолду.

Атап айтканда, ал укуктук жана институционалдык базаны чыңдоо, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди белгиледи.

Мындан тышкары, CoSP-11 сессиясынын алкагында АКШнын Мамлекеттик департаментинин Эл аралык баңгизаттарга жана укук коргоо маселелерине жооптуу бюросунун (INL) өкүлү, АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Мэгги Нарди айым менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө коррупцияга каршы күрөш жаатында мындан аркы практикалык кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын CoSP-11 сессиясына катышуусу өлкөнүн эл аралык антикоррупциялык стандарттарга берилгендигин жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча глобалдык аракеттерге активдүү катышып жатканын тастыктайт.

 

Последние новости