www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 14-декабрында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Жайыл райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнөн 1991-жылы туулган, жергиликтүү тургун, Кыргыз Республикасынын УКМКнын «Кайыңды» өткөрмө пунктунун начальнигинин орун басары К.Т. аттуу жарандын медициналык мекемеге жеткирилгени тууралуу билдирүү түшкөн. Алгачкы диагнозу: «Ичке кирген сайылып-кесилген жаракат, алкоголдук мас абал». Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факт каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, К.Т. аттуу жаран А.Р. аттуу жаран менен бирге спирттик ичимдиктерди ичип отурган учурда алардын ортосунда жаңжал чыгып, анын жүрүшүндө акыркысы бычак менен жаракат келтирген. Окуядан кийин К.Т. белгисиз адамдар тарабынан Кара-Балта шаарынын Сосновка бурулушунан медициналык мекемеге жеткирилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган А.Р. аттуу жаран аныкталып, кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери улантылууда.

 

Последние новости