www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги Өзбекстанга мурдагы "Дилором", "Золотые пески", "Рохат" жана "Бустон", азыркы аталышы "Бостери", "Алтын-Жай", "Эне-Сай", "Бустон" пансионаттарын узак мөөнөткө, 49 жылга пайдаланууга, ал эми жери ижара шартында берип жатканын айткан соң, коомчулукта нааразычылыктар арбын айтылды. 

Аталган пансионаттар Алмазбек Атамбаев президент кезинде, ошол учурдагы премьер-министр Темир Сариевдин тушунда Өзбекстандын башкаруусунан Кыргызстандын карамагына алынган болчу. Натыйжада, алынган төрт пансионат "Бостери", "Алтын-Жай", "Эне-Сай", "Бустон" болуп өзгөргөн эле. 

Кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-декабры № 562-буйругу менен Өзбекстан Республикасына убактылуу пайдаланууга кайрадан өткөрүлүп берилген. Бул жагдайды ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков туризмди өнүктүрүү жана түз инвестицияларды тартууга багытталган чечим деп түшүндүргөн. Өткөрүп берүүнүн негизги шарттары пансионаттарды 3-4 жылдыздуу мейманканалардын деңгээлине төрт жыл ичинде жеткирүү, жаңы объектилерди курууда жана пайдаланууда 80 пайыз Кыргызстандын жарандарын ишке алуу деп көрсөтүлгөн. 

Ал эми аталган маселеге байланыштуу президент Садыр Жапаров коомдогу нааразы пикирлерге жооп кылып, Өзбекстанга берилген пансионаттар боюнча мурда эле кабыл алынган чечимге жаңы түс берип, Кыргызстандын саясаты туура болбой калган, мен тууралап жолго коюп жатам, ансыз болбойт экен дегендей пикири коомчулукта ар түрдүү өңүттө талкууланып жатат. 

Бул тууралуу Өлкө башчысы Садыр Жапаров өз сөзүндө: "2016-жылы Темир Сариев премьер-министр болуп турганда, мен ачыгын айтайын, популисттик кылып эле алып койгон. Архивдик кагаздарды окуп чыгып, келечегин жакшылап карап, жети өлчөп бир кесиш керек эле. Тагыраак айтсам, эл аралык соттон утулбай турган болсок, анан алып койсо болмок. Ошол эле жылы өзбек тарап Вашингтонго эл аралык сотко 65 миллион долларга доо арыз бериптир. 2017-жылы Сапар Исаков өзбек тарапка кат жөнөткөн экен: "Тынчтык жолу менен чечели, силерге 4 пансионатты кайра берели, силер эл аралык соттон доо арызыңарды алып койгула", - деп. Алар алган эмес. Май айында эл аралык сот кыргыз тарап 40 миллиондон ашыгыраак доллар төлөйсүңөр деген чечим чыгарды. Биз эки жак келишип, "анча акчаны төлөй албайбыз. Андан көрө силер 49 жылга алгыла, 4-5 жылдыздуу мейманканаларды кургула" деп келиштик. Ал төрт пансионатты саталы десек, 40 миллионго эмес төрт миллион долларга эч ким сатып албайт. Ал эми 5-10 жылга бербейлиби деген бул түркөйлүк. Төрт-беш жылдыздуу жатаканаларды куруп бүткүчө эле 5-10 жыл кетет. Анан кайсы мамлекет короткон акчасын актабай туруп биз үчүн куруп бермек эле. "Кемпир-Абад кетти" дегендер же сабатсыздар, акылсыздар же ичи кир адамдар. Кемпир-Абад кеткен жок. Келди. Мындан ары 50/50 башкарабыз деп 50 пайызын алып койдук",-деп "Кабар" маалымат агенттигине маек берди. 

Деги эле ушул маселе боюнча президент Садыр Жапаров белгилегендей "популист" Темир Сариев мурда Өзбекстандын башкаруусунда турган Кыргызстанга тиешелүү болгон пансионаттарды кайтарып алган туура болгонбу, туура болгон болсо кайра Өзбекстанга берилип жатканы туурабы, аты аталып жаткан соң, жакшылап ойлонуп, "жети өлчөп, бир кесип" жооп берип койсо болмок. Билмексен болбой...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости