www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Руханини Ислам революциясынын жеңиш күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасы Иран Ислам Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташууга өзгөчө маани берет. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер биздин элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн мындан ары дагы бекемделет деп ишенемин „, — деп белгиленет куттуктоодо.

Садыр Жапаров Хасан Руханиге бекем ден соолук жана жооптуу ишинде ийгиликтерди, ал эми Иран элине бакубатчылык жана өнүгүүнү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости