www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык дарыгер-диетологдор ичеги-карындын иштөөсүн жөнгө салып, жүрөк оорусуна кабылуу тоболкелчилигин азайткан азыкты аташты. Ал — кадимки анар. Бул тууралуу РИА Новости EatingWell басылмасына таянып кабарлады.

Адистердин айтымында, анар клетчаткага бай азык. Ал эми клетчатка тамак сиңирүүнү жакшыртып, ич катуу көйгөйүнөн арылтат. Дарыгерлер клетчатка анардын ширесинде эмес, мөмөсүндө гана болорун эскертишкен.

Мындан сырткары, анардын курамында антоциандар (күчтүү антиоксидант) бар экени айтылды.

"Ал жаман холестериндин деңгээлин азайтып, кан басымды да ылдыйлатат. Ошондой эле жүрөк ооруларын жана инсультту алдын алууга жардам берет", — деп айтылат маалыматта.

Анар кант диабетинин экинчи тиби менен жабыркап жүргөндөргө да пайдалуу экенин адистер белгилеп кетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости