www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 12-февралда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди Жаз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппараттынын маалмат кызматы билдирди.

«Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана жигердүү кызматташтык жогорку деңгээлге жеткендигин канааттануу менен белгилеймин.

Өткөн жылы дүйнө жүзү глобалдык чакырыкка - коронавирус пандемиясына туш болуп, Сиздин акылман жетекчилигиңиз менен Кытай өзүнүн аймагында эпидемиянын жайылышын ийгиликтүү токтотуп, дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө баа жеткис салым кошуууда.

Биздин өлкөлөр COVID-19 пандемиясынын баардык терс кесепеттерин биргеликте ийгиликтүү жеңип чыгат деп ишенемин.

Өз кезегинде кыргыз тарап саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана коопсуздукту камсыз кылуу жааттарында ынак коңшулуктун, достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн негизинде эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөө үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даярдыгын белгилейм», - деп айтылат куттуктоодо.

Садыр Жапаров Си Цзиньпинге бекем ден-соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишинде ийгилик, ал эми дос мамиледеги Кытай элине тынчтык жана өнүгүүнү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости