www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биз элибиздин билимдүү жаштары менен өлкөбүздүн бардык тармагын өркүндөтөбүз. Андыктан жаш муундардын татыктуу билим алуусуна, эмгектенүүсүнө шарттарды түзүү — приоритеттүү багытыбыз болуп саналат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшыруу аземинде.

Мамлекет башчысынын сөзү:

«Урматтуу бүтүрүүчүлөр, Кымбаттуу жаш досторум!

Мектепти ийгиликтүү аякташыңар менен баарыңарды чын дилимден куттуктайм. Мамлекеттик саясаттын негизги принциптеринин бири — ийкемдүү, ачык,  үзгүлтүксүз өнүгө турган билим берүү системасын түзүү. Жаштарыбызды тез өзгөрүлүп турган, динамикалуу турмушка даярдоо абзел. Жаӊы технологиялар дүйнө экономикасынын жүзүн өзгөртүп, таптакыр жаӊы билимдердин жана жөндөмдөрдүн зарылдыгын жаратты.

Бардык чөйрөгө санарип технологиялардын кириши — эмгек ресурстарына жаӊы талаптарды коюуда. Бүгүн экономика, медицина, билим алуу, башкаруу чөйрөлөрүнө санарип технологиялары тереӊ кирип, бул кесиптердин табиятын өзгөртүүдө. Бул талаптар — жаш муундардын өз алдынча тынымсыз өнүгүүгө  умтулуусун шарттайт.

Ошондуктан мамлекеттин жана коомдун инновациялык өнүгүүсүн камсыздоого жөндөмдүү адамдык потенциалды өнүктүрүү милдети жаралды. Бул максатка жетүү үчүн инновациялык билим берүүгө өтүү зарылдыгы келип чыкты. Биз келечекте ушул максаттарга жетүүбүз абзел.

Урматтуу мекендештерим!

Кыргызстан — жогорку окуу жайга кирүүнү каалаган бүтүрүүчүлөрдү тестирлөөнү көз карандысыз мамлекеттик уюм аркылуу жүргүзгөн Евразиядагы биринчи өлкө. Белгилей кетүүчү нерсе —  жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын орточо баллы  туруктуу өсүү тенденциясына ээ болду. Бюджеттик негизде окуган студенттердин жетишүүсү кескин түрдө жогорулады. Эң негизги жыйынтык — жогорку билим алууга бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлдү, бул системага ишеним жогорулады.

Тесттерди пайдалануу — алыскы райондордун, айылдын бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку билим алуусуна жакшы шарт түздү. Бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада өлкөбүздүн бардык региондорунан келген жаштар бар экени мени кубандырат.

Жалпы республикалык тестирлөө  —  ар бир бала үчүн анын жашаган жерине, үй-бүлөсүнүн кирешесине карабастан жогорку билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк берет.

Быйылкы жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө  алтын сертификат жана эң жогорку балл алгандардын  57 пайызы региондордун бүтүрүүчүлөрү экенин канааттануу менен белгилейм. Жалпы республикалык тестирлөө — бүтүрүүчүнүн билимин баалоо  менен бирге, анын өзүн-өзү өнүктүрүүгө да мүмкүндүк түзөт.

Экинчи жагынан, тестирлөөнүн жыйынтыктары аркылуу  билим берүү системасынын ишмердигин баалоого болот. Тилекке каршы,  бүтүрүүчүлөрдүн 38 пайызы жогорку окуу жайына өтүүгө зарыл болгон босогонун деңгээлинен өтпөй калышты. Ошол эле учурда өлкөбүздүн билим берүү системасын каржылоо деңгээли — ички дүң продукциянын 6 пайызын түздү. Бул прогрессивдүү билим берүү системасы бар Финляндия, Малайзия, Франция, Эстония мамлекеттеринин деңгээлинде болду. Келечекте, тестирлөөнүн жыйынтыктарын — билим берүүгө кеткен мамлекеттик чыгымдардын эффективдүүлүгүн көрсөткөн индикатор катары кароого болот. Ошондой эле тестирлөөнүн жыйынтыктарын мугалимдердин эмгек акысын кароодо эске алуу абзел.

Кымбаттуу досторум!

Бүгүн, ушул залда, сөзүмдүн башында  айткан максаттарды ишке ашыра турган уул, кыздар, өлкөбүздүн алдыӊкы жаштары олтурасыӊар деп эсептейм. Силер республикалык тестирлөөдөн эӊ жогорку балл алып, алтын сертификатка татыктуу болдуӊар.

Мындай сертификаттарды силерге тапшыруу мага зор кубанычты тартуулап турат.  Силер — артыкчылык сертификатына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Мактоо грамотасына татыктуу болгондор — биздин сыймыгыбыз, биздин келечегибизсиӊер. Бул ийгилик — силердин талантыңардын, көп жылдык эмгегиңердин, окууга болгон жоопкерчиликтүү мамилеӊердин жемиши. Силердин ар бириӊерди ушул ийгилиӊер менен куттуктап жатып, турмуш жолуӊар шыдыр болушун, ойлогон ой-максаттарыӊардын ишке ашуусун каалайм. Азыр силердин ар бириңер келечектеги кесибиӊерди тандап, аныктап койдуңар деп ойлойм.

Кыргызстандын эмгек рыногу,  акыркы жылдары, агрардык өнөр жай, маалыматтык технология, энергетика, туризм жана жеңил өнөр жайы багытындагы адистерди көп талап кылууда. Силер тандап алган кесип — республиканын эмгек рыногунун керектөөсүнө дал келет деп  ишенем.

Кыргызстандын бардык кесиптик чөйрөлөрү силер аркылуу заманбап структурага ээ болот. Силерге билим берген мектептин педагогикалык жамаатына жана силерди билимге ынтызар кылып тарбиялаган ата-энеңерге терең ыраазылык билдирем.

Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Менин жаш досторум!

Мектепти ийгиликтүү аяктап, жалпы республикалык тестирлөөнү да ийгиликтүү тапшырышыңар менен чын дилден куттуктайм. Жалпы республикалык тестирлөөдө силер эң мыкты жыйынтыкка жетише алдыңар.

Албетте, силердин бүгүнкү ийгилигиңер өз мээнетиңердин, аракетиңердин жана билимге болгон умтулууңардын жемиши болуп саналат. Ошондой эле бул ийгилик ата-энеңердин колдоосу менен мугалимдердин зор эмгегинин натыйжасында жаралып отурат.

Бүгүн силердин алдыңарда тандап алуу үчүн көптөгөн жолдор ачылууда. Эгер мындан ары да ушунуңардан жазбай, аракет кылсаңар бул жолдордун ар бири ийгиликке алып бара алат. Силерге билим берген мектептин педагогикалык жамаатына да ыраазычылык билдирип койгум келет.

Силерге татыктуу тарбия берип, билимге болгон умтулууңарды колдоп келген ата-энеңерге да чоң ырахмат! Биз акылыбыз жана талыкпаган эмгегибиз менен татынакай жана берекелүү өлкөбүздү туруктуулуктун, эркиндиктин жана гүлдөп-өнүгүүнүн аймагына айлантышыбыз керек. Бул үчүн бизге жаратмандык рухуна сугарылган, алдына так максат коюп, ага жете билген билимдүү жана демилгелүү адамдар керек. Биздин келечегибиз, мамлекетибиздин келечеги силерге байланышкан деп айтсам аша чаппайм деп ойлойм. 

Силер — көз карандысыз демократиялык мамлекетте жашаган  жаңы муундун өкүлүсүңөр. Силер чоң турмушка кадам таштап, ушул мүнөттөн тарта келечек үчүн жоопкерчиликти мойнуңарга алып жатасыңар. Силердин ар бириңер өз туулган жериңерге, өз өлкөңөргө чын дилден берилип, анын гүлдөп-өнүгүшү үчүн болгон мүмкүнчүлүк менен билимин жумшаган жаштардын катарын толуктайсыңар деп ойлойм. Бардыгыңарга чыгармачыл ийгиликтерди, жаңы билимге ээ болууда өжөрдүктү каалайм.

Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр!

Биздин негизги максатыбыз — жаштарга заманбап жана сапаттуу билим берүү. Биз, жаратылыш кен байлыктары менен эмес, элибиздин билимдүү жаштары менен өлкөбүздүн бардык тармагын өркүндөтөбүз. Андыктан жаш муундардын татыктуу билим алуусуна, эмгектенүүсүнө шарттарды түзүү — приоритеттүү багытыбыз болуп саналат.  Силердин алтын сертификатыңар — жогорку билим алууга болгон биринчи ийгиликтүү кадамыңар.

Келечектеги бүтүрүүчүлөргө үлгү болуп, татыктуу кесипти тандап алып, коомубузга кызмат кыласыӊар деген үмүттөмүн. Ар бириңер алдыга койгон максатыңарга жетип, кесипкөй инсан болушуңарды каалайм! Келечек турмушуңарда ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн! Кыргызстандын келечегин курган элибиздин татыктуу улан-кыздарынан болгула!

Баарыӊарды Жараткан өзү колдосун!»

Последние новости