www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам 2020-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен төмөндѳгү калктуу конуштар айыл категориясына киргизилген:

- КР Жалал-Абад областынын Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Мончок-Дөбө жана Шекафтар калктуу конуштары;

- КР Нарын областынын Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу калктуу конушу;

- КР Ош областынын Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Беш-Кемпир жана Орто-Талаа калктуу конуштары;

- КР Ош областынын Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак, Жандама, Катта-Тал, Күңгөй-Хасана, Мончок-Дөбө, Тескей калктуу конуштары;

- КР Чүй областынын Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Бек-Тоо калктуу конушу.

Ошондой эле мыйзам менен жаңы түзүлгѳн айылдардын схемалык карталары бекитилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости