www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ыйык Рамазан айынын келиши менен элин куттуктап жатып COVID-19дун жайылып жаткандыгына байланыштуу коркунучтарга токтолду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Тажикстанда коронавирустук инфекциянын бир дагы учуру жок экендигин баса белгилеген Эмомали Рахмон мусулман мекендештерин "үйдө, коомдук жерлерде жана жумуш орундарында гигиена эрежелерин сактоого, ден соолукка кам көрүүгө" үндөдү.
Мамлекет башчысы өзүнүн куттуктоосунда жер ээлерин, малчыларды жана оор жумуш менен алектенип жаткан адамдарды орозону “ыңгайлуу убакта” кармоого чакырды. Ал, айрыкча, "талаада иштеп, материалдык продукция өндүрүү менен алектенип, коомдогу тынчтыкка көз каранды болгон адамдар же башкача айтканда, элге кызмат кылган адамдар орозону башка убакка которушу мүмкүн" деди.
Тажик президентинин сөзү боюнча, быйылкы Рамазан айы коронавирустун коркунучтуу пандемиясы жазгы талаа жумуштарынын убагына туш келип калгандыктан, "биз аң-сезимдүү түрдө күн бою суу ичпей, тамак жебегендиктин натыйжасында ден соолугубузга кооптуулук жаратып, өзүбүздү өзүбүз өлүмгө түртпөшүбүз зарыл. Себеби ачкалыктан улам адамдын иммунтиети алсырап, ага жугуштуу оорулардын жугушуна шарт түзүлөт", - деди Эмомали Рахмон.
Эске сала кетсек, өткөн жылы президент Рогун ГЭСинин куруучуларын "өлкөнүн стратегиялык милдетин аткарууга - энергетикалык коопсуздукту камсыздоого байланыштуу исламдын негизги тирөөчтөрүнүн айрымдарын башка убакта аткарууга" үндөгөн.
Булак: NazarNews.kg