www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти бүгүн, 9-октябрда, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештерим!

Айрым саясатчыларыбыздын ашынган амбициясынан улам жарандарыбыздын тынч жашоосуна, мамлекетибиздин тынчтыгына бүлүк салынды. Саясий чакырыктар менен биргеликте өлкөнүн биримдигине, коомдун тынчтыгына доо кетирген чагымчыл чакырыктар жасалды. Кыргызстаныбыздын тагдыры коркунучка кептелди. Кадырман калкым, Элибиздин тынч жашоосу саясаттын курмандыгы болбош керек. Ошондуктан, өлкөбүздүн борбору Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилди. Бүгүн атайын Жарлыкка кол койдум.

Конституциялык укуктарымдын алкагында Президент катары элдин тынчтыгын, өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо үчүн бардыгын жасайм. Мени өлкөнүн акыл-эстуу жарандары толугу менен колдойт деп ишенем. Сыртта карап турбай, кыйынчылыктан чогуу чыгалы. Антпесе, мамлекетибизди жоготуп алуу коркунучу реалдуу болуп турат.

Жараткан Кудайым сүйүктүү Кыргызстаныбызды өзү колдоп, элибиз аман болсун!».

Последние новости