www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 23-августта  мамлекеттик визит менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп келди, – деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Ашхабад» шаарынын эл аралык аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген. Мамлекет башчысын Түркмөнстандын вице-премьер-министри-тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Кыргызстандын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жаныш Рүстөнбеков тосуп алышты.

Мамлекеттик сапардын алкагында Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен жолугушат. Бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол коюлат деп болжолдонууда.

Бүгүн кечинде Президент Сооронбай  Жээнбеков 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп кетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости