www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Араван районунда, алдын ала маалымат боюнча, Керме-Тоо айыл аймагынын Гүлбар айылында мечит өрттөнүп, андан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Мекемеден билдиришкендей, мечит өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат 23-августта эртең менен түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 07:15те министрликтин Араван райондук №64 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм жана Ош шаардык №12 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм тартылган. Өрттү өчүрүү иштери 07:50дө башталып, 09:28де толук өчүрүлгөн.

Маалыматтарга караганда, "тилсиз жоо" эки адамдын өмүрүн алып кеткен. Алардын бири - 36 жаштагы аял, ал эми экинчиси 10 жаштагы бала болчу.

22-августта Чүй облусунун Токмок шаарында үй өрттөнүп, натыйжада үч жана беш жаштагы эки бала каза болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жети айда Кыргызстанда 2215 өрт катталып, андан 36 адам каза болду. Бул сан былтыркыга караганда 7,8 пайызга көп.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости