www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери – КСДП фракциясынан Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынан Алмазбек Баатырбеков жана “Бир Бол” фракциясынан Алтынбек Сулайманов менен жолугушту. Бул тууралуу маалыматты президенттик аппараттын басма-сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

Көпчүлүк коалициясынын  лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында парламенттин 1/3 түзгөн үч фракциянын депутаттарынын өлкөнүн  Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө сунушун колдогонун билдирди.

“Парламент мындай чечимди өлкөнүн кызыкчылыгында кабыл алды. Көпчүлүк коалициясы ошол эле курамда калат”, - деп белгиледи Иса Өмүркулов.

Ошону менен бирге ал коалициянын курамына “Республика - Ата Журт” фракциясынын кириши күтүлүп жатканын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги көпчүлүк коалициясынын туруктуу иштеши мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн  камсыз кылаарын белгилеп, парламентке бийликтин аткаруу бутагы менен жемиштүү иштешин каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости